Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө арналган семинар аяктады


ТАЛАС. Эл арасында "Айылдык инвестиция долбоору" деп аталган бул программаны төрт жылда ишке ашыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк 15 млн., Япон өкмөтү аркылуу 1 млн. 200 миң доллар грант берилет. Ушул долбоордун алкагында Манас районундагы Үчкоргон жана Май айыл өкмөттөрүнүн ар бирине 25 миң доллар гранттын сертификатын өлкө президенти Аскар Акаев мындан жарым жыл мурда тапшырып кеткен эле. Өлкөнүн чар тарабынан келишкен семинардын катышуучулары бул эки айыл өкмөтүнүн эли алынган каражатты кандайча пайдаланып жаткандыгын, алар бүткөргөн иштерди көрүп ынанышты. Май айыл өкмөтүндө клуб, ресурстук маалымат борбору, Үчкоргон айыл өкмөтүндө башталыш мектептин имаратын, маалымат борборун эл биринчи кезектеги зарыл нерсе деп бүткөрүшкөн.

Республикалык семинардын соңку жыйынында маалым болгондой бул программага Кыргызстан боюнча быйыл 80 айыл өкмөтүндөгү 349 айылда 303 чакан долбоор түрүндө ишке ашырылып жатат. Төрт жыл ичинде 200 айыл өкмөтүнүн эли тартылат.

XS
SM
MD
LG