Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

Кыргызстандык атуулдар Кореяга иштөөгө аттанышты


БИШКЕК. Кыргызстандык тогуз атуул расмий түрдө Түштүк Кореяга эмгектенүүгө кетишет. Ага кыргыз өкмөтү менен Түштүк Кореянын ортосунда түзүлгөн макулдашуу негиз берет. Түштүк Кореянын өкмөтү өткөн жылы балык чарбасы менен айыл чарбасында иштөө үчүн Кыргызстандан 300 адамга орун бөлгөн. Аларды тандоо ишин Кореянын балык жана айыл чарба кооперативдеринин атынан «Эльдорадо» туристтик компаниясы жүргүзүп, биринчи тандоодон өткөн 35 адамдын документтерин Кореяга жөнөткөн. Ал жердеги иликтөөдөн кийин 9 гана адам иштөөгө жарактуу деп табылып, азыр алар корей тилин үйрөтүү курсун аякташты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG