Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Тажикстанда кыргызстандык полковник кармалды


БИШКЕК. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Согди обласынын Исфара шаардык кызматынын өкүлдөрү 9-июлда 250 килограмм сымап сатууну көздөгөн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги жана Кыргызстандык эки чек ара кызматынын жоокерин колго түшүрүшкөн. Алар Кыргызстандык номурдагы автоунаа менен барышкан. Тажикстандын Ички иштер министрлигинин транспорт каттамы боюнча башкармалыгынын жетекчиси Джурхон Зоировдун айтымында, колго түшүрүлгөн баалуу зат кеминде 120 миң долларга бааланат жана учурда ал боюнча тергөө жүрүүдө.

Бул тууралуу бүгүн Тажикстандык маалымат агенттиктери жазып чыкты. Ишемби күнү мамлекеттик мекемелерде жумуш күн болбогондуктан Чегара кызматынан жана Улуттук коопсуздук кызматынан маселени тактоо аракетибизден натыйжа болгон жок. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов жогорудагыдай окуядан кабардар эместигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG