Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Бишкектин тургундары шаар жетекчилигине нааразы


БИШКЕК. Бишкектин төртүнчү, бешинчи кичирайондорунда жана «Улан» кичирайонунда жашаган 300дөн ашуун тургуну президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасына кайрылуу кабыл алышты. Мындай маалымат аталган райондун тургуну Татьяна Юченковадан алынды. Анын айтымында, буга Бишкектин шаар жетекчилигинин кичирайондор менен Ботаника багынын ортосундагы гүлбакка автомашиналарды оңдоочу, жуучу жайды жана шаардык кеңештин депутаттары үчүн турак-жай курууга уруксат бергендиги себеп болду.

Шаар мэриясы аталган жайды курууга уруксатты өткөн жылдын декабрь айында ал жердеги коомдук кеңештин чечимисиз берген. Ал жердеги тургундардын каршылыгына жана шаар архитектура башкармасы да гүлбак борбордун экологиялык абалын жакшыртуучу бөлүк экендигин билдирип, курулушка уруксат бербөөнү өтүнгөндүгүнө карабастан ушул жылдын апрель айында гүлбактагы 22 тал-теректи кыюуга уруксат берилген. Ушундан улам тургундар мэриянын шаардын экологиясына зыян алып келүүчү жана тургундардын укугун басмырлаган мыйзамсыз аракетин токтотууну бийлик бутактарынан талап кылышты. Аталган гүлбак борбордун абасын тазартып туруу үчүн Аламүдүн суусунун боюна мындан отуз жыл мурда тигилген.

XS
SM
MD
LG