Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

“Форбс” журналынын Орусиядагы чыгарылышынын башкы редактору өлтүрүлдү


Москва. Кечээ Мосвада “Форбс” журналынын Орусиядагы чыгарылышынын башкы редактору Павел Хлебников атып өлтүрүлдү. Ал “Кремльдин киндик атасы Борис Березовский” деген китептин автору катары белгилүү болгон. Китеп 2000-жылы жарык көргөн.
Дүйнөдө белгилүү болгон “Форбс” журналы Орусияда да ушул жылдын апрель айынан тарта чыга баштаган жана анын башкы редактору болуп Павел Хлебников дайындалган. Буга чейин журналда Орусиянын эң бай адамдарынын тизмеси жарыялаган. Басылмада өтө кыска мөөнөттүн ичинде Москвада миллиарддаган акчаларды тапкан адамдардын саны арбын экендиги жөнүндө жазылган. Павел Хлебниковдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу тергөө ишин Москванын прокуратурасы жүргүзө турган болду.

XS
SM
MD
LG