Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

Ооганстанда президенттик шайлоонун күнү белгиленди


Кабул. Ооганстанда президенттик шайлоо 9-октярга белгиленди. Ал эми парламенттик шайлоо келээрки жылдын апрель же май айында өтөт деп болжолдонууда. Бул тууралу кечээ Ооганстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Заким Шах билдирди. Вашингтон мындай чечимди колдоп чыкты. Буга байланыштуу АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер мындай деди:

- Кошмо Штаттары мындай чечимди колдоого алат. Бул шайлоолор Ооганстандын Конституциялык бийликке өтүшүндөгү маанилүү кадам жана өлкөнүн өнүгүшүнүн пайдубалы болот деп ишенебиз.

Оогастандын өлкө башчылыгына талапкер катары азырынча 14 адам катталды.

XS
SM
MD
LG