Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Сенаттын докладында Бушка каршы эчтеке жок


Вашингтон. АКШ Сенатынын чалгын иштери боюнча комитети тарабынан жарыяланган баяндамада президент Жорж Буштун администрациясына карата түз сын айтылган эмес. Анткени комитет президент администрациясынын өлкөнүн Борбордук чалгын башкармалыгынын аналитиктерине согушту баштоого негиз берген жыйынтыктарды чыгарууга кысым көрсөткөн далилдерди таба алган жок.

Ал эми Сенаттын баяндамасынын экинчи бөлүгүндө дал ушул маселе иликтенмекчи жана анын жыйынтыктары АКШдагы президенттик шайлоодон кийин жарыяланат деп күтүлүүдө. Президент Буш болсо комитеттин баяндамасына байланыштуу мындай пикирин билдирди:

- Албетте, ката кетпей койгон жок. Биз Иракта массалык кыргын куралы бар деп ойлогонбуз. Мен да, конгресс да, Бириккен улуттар уюму да ушундай ойдо болгонбуз. Сиздерге бир нерсени айткым келет: биз Саддам Хусейн ушундай куралды чыгара алаарын билгенбиз, бул үчүн анын мүмкүнчүлүктөрү да, каражаттары да бар эле. Ал буга камданып жаткан. Биз анын Американы жек көрөрүн да билчүбүз.

XS
SM
MD
LG