Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

Сенаттын комитети чалгынчыларды сынга алды


Вашингтон. АКШ Сенатынын чалгын иштери боюнча комитети өлкөнүн атайын кызматтарынын иши тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда Борбордук чалгын башкармалыгынын Иракка карата согуш ачылаар алдында сапатсыз маалыматтарды чогулткандыгы кескин сынга алынды.

Комитеттин жетекчиси, “Республика” партиясынын өкүлү, сенатор Пат Робертс Ирактын куралдары боюнча маалыматтар ашкере күчөтүлгөн деген пикирин билдирди:

- Ирактагы согуштун алдында АКШнын чалгын кызматтары президентке, конгресске, ошондой эле өлкө коомчулугуна Саддам Хусейнде химиялык жана биологиялык куралдар бар, эгерде ушул бойдон калтырылса, анда жакынкы он жылдын ичинде өзөктүк курал да пайда болот деген маалыматтарды айтышкан. Эми, биз бүгүн мындай жыйынтык негизсиз болгондугуна күбө болуп отурабыз.

Демократ-сенатор Жей Рокфеллер болсо эгерде сенаторлор чалгын кызматтарынын негизсиз маалыматтары жөнүндө кабардар болгондо согуш үчүн өз добуштарын бермек эмес деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG