Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТТАРЫ АК ҮЙГӨ МААЛЫМАТТАРДЫ ЧАРГЫТЫП БЕРГЕН


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Жума күнү АКШ сенатанын чалгындоо маселелери боюнча комитети ЦРУнун Ирак согушунун алдындагы иши жөнүндөгү баяндамасын жарыялады. Борбордук чалгындоо агенттигинин Ирак жаатындагы ишмердигин териштирип чыккан комитет АКШнын чалгындоо кызматы «күмөндүү маалыматтарга таянып, Ирактын кыргын салуучу куралдарынын коркунучун ого эле апыртып жиберген», деген тыянакка келди.

511 бетке басылган баяндамада Сенаттын комитети Ирак жөнүндөгү маалыматтарды талдоодо ЦРУ Ирактын кооптуу эмес экенин айгинелеген таныктарды көз жаздымда калтырып, ошол эле маалда өлкөнүн химиялык, биологиялык жана ядролук куралдары жөнүндөгү күмөндүү маалыматтарга ого эле чоң маани берген, деп айтылат.

Комитеттин баяндамасынын жарыяланышына байланыштуу Вашингтондо өткөрүлгөн пресс-конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Сенаттын чалгындоо комитетинин башчысы, Канзас штатынан шайланган сенатор Пэт Робертс ЦРУ Ирактын коркунучтуу куралдарга ээ экенин күмөндөгөн таныктарды этибарга албай койгонун белгилеп, мындай катаачылыкка ЦРУнун "коллективдүү ой жүгүртүүнүн" таасиринде калганы жол бергенин айтты:

- Чалгындоо тармагында иштегендер «коллективдүү пикирден» чыга албай калышкан. Бул аналитиктердин, тыңчылардын жана жетекчилердин Ирак кыргын салуучу куралга ээ деген тыянак чыгаруусуна түрткү болгон,- деди Робертс.

Комитет өз баяндамасында ишинде кетирген кемчиликтери үчүн ЦРУну кескин сынга алды. Пресс-коференцияга катышкан дагы бир сенатор, комитеттин төрага орун басары, демократ Жон Рокфеллер "Чалгындоо агенттигинин таныктары күмөндүү экени сенаторлорго күн мурунтан маалым болгондо алар 2002-жылы Буштун Ирак согушун колдобос эле" деп айтты. Рокфеллер Ирак согушу АКШнын коопсуздугуна терс таасирин тийгизгени жана мунун залакасын өлкө дагы бир нече муунга чейин тарта турганын ички нааразылыгын жашыра албай толкундана кошумчалады:

- Бул өтө кайгыртаарлык жагдай. Чалгындоо тармагында кетирилген катаачылыктардын азабын дагы бир нече муун тартат. Дүйнөнүн бизге болгон ишеними кетип калды. Биздин дүйнөдөгү беделибиз эч качан мынчалык төмөн түшкөн эмес. Биз мусулман дүйнөсүнө баардык америкалыктарды жек көрүндү кылдык жана бул жийиркеничтүү сезим күч алмакчы. Анын натыйжасында биздин элибиз азыр болуп көрбөгөндөй коркунучтуу жагдайга туш болуп отурат.

ЦРУну минтип кескин сындаганына карабастан комитет "Буштун администрациясы Иракка согуш ачуу максаты менен чалгындоо кызматын кысмактаган", деген айыптоолор негизсиз деген тыянакка келди.

Американын Чалгын кызматынын иши мындай кескин сынга алгачкы ирет туш болуп отурган жери жок. Мындан беш ай мурда эл аралык курал инспекциясы Ирактан кыруучу куралдар издеп, аң-чөнөк, кокту-колоттордун баарын аңтарып чыгып, эч нерсе таппаганда да кызмат катуу жеме жеген. Анда төө бастыда калган мекеменин ишин коргоп, анын эми мурдагы башчысы Жорж Теннет кандайдыр чалгындоо маалыматты толугу менен туура, же жалган деш жарабай турганын жана ал жетектеген мекеме Ирак жөнүндөгү маалыматтарды электен өткөрүүдө өтө кылдат жана адилет болгонуна, тыңчылардын маалыматы идеологиялык жактан бурмаланбаганына ишендирген.

- ЦРУ Ирактын түздөн-түз коркунуч жаратып жатканы жөнүндө эч качан сөз кылган эмес. Тескерисинче, ал саясатчыларга канкор диктатор жөнүндө, анын программалары тууралуу обьективдүү маалымат берип, жагдайды даана сүрөттөгөн. Бизге минтип айткыла, тигинтип айткыла деп эч ким көрсөтмө берген эмес,- деген Тенет.

Сенат комитетинин биз алдыда сөз кылган иликтөөсү акыркы убакта ЦРУнун ишин cыдыргыдан өткөрүп чыккан комиссиялардын бири гана. Мындан мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн баары ЦРУнун ишиндеги олуттуу кемчиликтердин бетин ачкан.

XS
SM
MD
LG