Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

БОРБОР АЗИЯ ДАРЫГЕРЛЕРИНИН БИШКЕК ЖЫЙЫНЫ


9-июлдан тартып Бишкекте Борбор Азиянын Түркмөнстандан башка төрт мамлекетинин - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын дарыгерлери жыйын куруп жатышат. Анда ар бир республика баңгилик жана СПИД ооруларына каршы кантип күрөшүп жатканы тууралуу ой-пикирлер айтылып, тажрыйба бөлүшүү жүрүүдө.

Кыргызстандын республикалык наркология борборунун директору Тынчтыкбек Асановдун айтымында, Борбор Азия дарыгерлеринин Бишкекте чогулуп жатканынын өз жүйөсү бар. Анткени, Кыргызстанда баңгилерди дарылоонун мурда калыптанып калган жолунан башка метадон менен дарылоо усулу иштеп келатат:

- Ал усулдун өзгөчөлүгү - апийим, героиндин ордуна метадон менен дарылайбыз. Метадонду бирөөлөр дары дейт, бирөөлөр аны маңзаттан айырмасы жок дешет. Бирок метадон менен дарылоодо бейтап аны эртең менен суюктук катары ичип алат да, бир күнгө чейин өзүн жакшы сезип жүрөт. Анткени башка маңзатка көңүлү чаппай калат.

Тынчтыкбек Асановдун маалыматына караганда, Кыргызстанда ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын 80 проценти баңгилер болуп эсептелет жана алар аны ийне аркылуу жугузуп алгандар:

- Кыргызстанда ырасмий каттоодо 6500 баңги турат. Ырасмий эмес каттоо боюнча алардын саны 80-100 миң делип айтылып келет.

Бул Кыргызстандын республикалык наркология борборунун директору Тынчтыкбек Асанов болду.

Жыйынга келген Өзбекстандын делегациясынын жетекчиси, World vision бейөкмөт уюмунун өкүлү Шанасир Шавахабов Өзбекстанда да дарылоонун альтернативалуу жолун киргизүү болжолдонгон болчу, бирок «Сорос-Өзбекстан» фондусу бул өлкөдө ишин токтоткондуктан ал жаңылыкты киргизүү кечеңдеп калды дейт:

- Биздин республикада метадон менен дарылоо ыкмасын киргизүү болжолдонгон. Ал «Сорос» фондусунун жардамы менен турмушка ашмак. Бирок «Сорос» фондусу ишин бизде убактылуу токтотту. Ошондуктан бул иш кечеңдеп жатат. Бул жолу Бишкектеги метадон тарата турган борборго бардык. Бул өтө керектүү программа жана келечекте бул ыкма кеңири жайылат деп ойлойм.

Шанасир Шавахабовдун маалыматы боюнча, Өзбекстанда 9000 баңги ырасмий каттоодо турат, алардын көбү маңзаттарды ийне менен кабыл алышат. Ал эми ВИЧ-инфекцияга 3548 адам кабылган.

Жыйында баңгилерге карата коомдогу пикирди өзгөртүү зарылдыгы да талкууга алынды. Өзгөчө - милициянын бутасына баңгилер алынып, кылмыштуулукка каршы күрөштө план толтуруу үчүн аларды камап, иш козгой коюу дале болсо көндүм адат экендиги айтылды.

Казакстандын Чымкент шаарындагы «Ишенимдүү жөлөк» бейөкмөт уюмунун өкүлү Валентина Скрябинанын айтымында, баңгилердин укугун коргоо үчүн Борбор Азиядагы мамлекеттер Кыргызстандын жолуна түшүп, метадон менен дарылоого эртерээк өтүшү керек:

- Бир - эки жыл бою маңзаттарын колдонгон баңгилер арасынан полициянын куугунтугуна кабылбаган бир да бирөө жок болсо керек. Статистикалык маалыматтарды алсак, баңгилердин көбү тигил же бул себеп менен түрмөдө отурушат. Эгер метадон программасы иштесе өкмөт да түрмөгө көп киши камабай, полиция дагы абийирдүү иштеп калмак. Анткени алар ачылбай калган кылмыштарды баңгилердин мойнуна илгенди токтотушмак.

Валентина Скрябина эгер метадон менен дарылоо жайылтылса баңгилердин алдында тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болуп, алардын укуктарынын сакталыш жагдайы кыйла жакшырат эле дейт.

Казакстандын СПИД борборунун өкүлү Надежда Федорова баңгилер менен түздөн-түз иштеп жаткан дарыгерлердин жана кызматкерлердин өздөрүнүн ВИЧ-инфекцияга чалдыгып калуу коркунучу чоң экендигин айтат. Анткени, эң жөнөкөй шарттын жоктугунан башка бирөөнүн жашоосун сактап калууга аракет жасаган дарыгерлер ошол эле маалда өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышат:

- Бул жерде врачтардын өздөрүнө караганда валонтёрлордун ооруну жуктуруп алуу коркунучу чоң. Анткени алар жаңы ийнени эскисине алмаштырып, эскилерин чогултушат. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин колдонулган ийнелерди талкалап, жоготуу иши жакшы чечилбей келатат. Бул жерде СПИДди түздөн-түз жуктуруп албаса да, сарыктын Б түрүн жугузуп алуу коркунучу өтө чоң.

Надежда Федорованын маалыматы боюнча, Казакстанда 2004-жылдын 1-июнуна карата ВИЧ-инфекцияга чалдыккан оорулуу катары каттоодо 4292 адам турат. Алардын 179у СПИД менен ооруйт. ВИЧ-инфекцияга чалдыккандардын дээрлик 80% баңгилер. "Бирок, - дейт Казакстандын СПИД борборунун өкүлү Надежда Федорова, - азыр ВИЧ-инфекция негизинен жыныстык катнаш аркылуу көп жуга баштады, бул - өтө коркунучтуу, анткени жалпы элге жайылышы мүмкүн".

Казакстанда 2001-жылы оорулуулардын 5 гана проценти бул илдетти жыныстык катнаш аркылуу жугузган болсо, азыр бул көрсөткүч 12,6 процентке жеткен.

Акырында айта турган маалымат - Борбор Азия дарыгерлеринин бул жыйыны 11-июлда ишин жыйынтыктайт.
XS
SM
MD
LG