Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

ЭЛАРАЛЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САММИТ КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ БЕРЕТ?


15-16-июль күндөрү Чолпоната шаарында төртүнчү эларалык инвестициялык саммит болот. Ага чет өлкөлүк ири 10 инвестор катышып, жыйынтыктоочу документ катары инвестициялык бешинчи матрица кабыл алынат.

Саммитти өткөрүү камылгасын көрүп жаткан «Инвестициялык тегерек стол» коомдук уюмунун аткаруучу директору Равхат Хасановдун билдирүүсү боюнча, анын күн тартибине беш маселе коюлат. Алар жер инвестиция тартуунун обьектиси, маркетинг, салык саясатын жакшыртуу, экономиканы кайра жөнгө салуу жана экономикалык өнүгүү ак ниет башкаруу аркылуу деген маселелер.

Адегенде инвестиция тартуу жаатында буга чейинки аракеттен кандай майнап чыкты жана мындан ары эмне кылуу керектиги такталып, бешинчи инвестициялык матрицанын долбоору түзүлөт.

Бул жолку саммиттин өзгөчөлүгү алгачкы ирет экономикалык өнүгүү ак ниет башкаруу деген маселенин күн тартибине коюлганы болууда. Анын себебин саммиттин уюштуруучуларынын бири - «Кыргызконсальтинг» компаниясынын башчысы Төлөндү Тойчубаев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Коррупцияны жок кылмайынча инвестиция да келбейт, экономика да өспөйт. Бул маселенин киргизилип жаткандыгынын биринчи себеби ушул. Экинчиден, коррупция инвестициянын Кыргызстанга келишине чоң тоскоолдук кылууда. Ушундан улам аны жок кылалы, ошол жөнүндө сүйлөшөлү деген ой менен күн тартибине киргизилди. Маселен, менин бир сунушум бар. Ал республикалык бюджеттен баштап айылдын бюджетине чейин ачык болуш керек. Анткени, салык төлөгөн ар бир атуул акчасынын кайда кетип жаткандыгын билиши керек. Мисалы, жанында эле турган мектеп канча сом алып, кайда коротуп жаткандыгын билүүсү зарыл. Андан тышкары кайсы бир министрлик канча акча алып, кайда жоготуп жатат деген суроого жооп ачык болуш керек. Коррупция боюнча айта турган көп маселелер бар, бирок мени аракеттин пайда болгондугу кубандырат. Башка өлкөлөргө окшоп «бизде коррупция жок, кичинекей эле же бардык эле өлкөдө бар» деп токтоп калбай, жок дегенде «коррупция бар, анын көлөмү чоң болуп жатат, келгиле ошону жок кылалы» деген ойдун чыкканына мен абдан ыраазы болуп турам. Ошондуктан ушул маселе жагынан чоң салым болду.

Ал эми эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин баамында, буга чейин аткарылган төрт матрицанын негизинде өлкөдө тикелей инвестициянын келүүсүнө өбөлгө түзчү жагымдуу жагдай түзүлдү. Муну инвесторлор арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо 40 ири инвестордун Кыргызстанда иштөөгө болот деген ишенимин билдиргендиги айгинелейт. Кыргызстандагы ири инвестор «Реемстма» компаниясынын башчысы Эдуард Рауштун билдирүүсү боюнча, бирок мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу зарыл.

Ал эми Эларалык ишкер кеңештин директору Дэвид Гранттын айтымында, кыргыз өкмөтү кыска мөөнөттүү чараларды көрүп, инвесторлорго салыктан жеңилдик берүүсү керек:

- Алардын бири кошумча нарк салыгын азайтуу. Маселен, салыкты такыр азайтуунун кереги жок, инвестиция алып келген инвестор салыкты бир жыл ичинде төлөсүн деген жана киреше салыгын төлөбөсүн деген жеңилдик болсо инвесторлордун кызыкчылыгы артат.

Чет элдик инвесторлор үчүн олуттуу бул жагдайлардан тышкары саммитте дагы бир орчундуу жаңы сунуш - инвестиция тартуу боюнча атайын агенттик түзүү маселеси көтөрүлөт. Аны түзүүнүн зарылдыгын ЮНИДО уюмунун инвестицияны тартуу боюнча улуттук кеңешчиси Кубат Умурзаков төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Агенттикти түзүү инвестицияны тартуунун бирдиктүү стратегиясы менен түздөн-түз байланыштуу. Себеби, ушул убакка чейин бизде инвестиция тартуунун бирдиктүү стратегиясы жок болчу. Экинчиден, биз инвестиция тартуунун прогрессивдүү ыкмаларын колдонгон жерибиз жок. Үчүнчүдөн, ушул багытта иш жүргүзгөн мамлекеттик органдардын ишин бир нукка салып башкарып, дүйнөлүк суроо-талаптарды эске алуу менен натыйжалуу ыкмаларды колдонгон мекеме жок. Ошон үчүн маркетинг стратегиясынын алкагында дүйнөлүк рынокто атаандашып иштей ала турган атайын агенттик түзүү сунушталууда.

Кубат Умурзаковдун айтымында, ушул учурда өлкөдө 15 мекеме инвестиция тартуу менен алектенет. Бирок алардын баары акча берем деген инвесторду сырттан күтүү адатынан арыла элек:

- Бул жерде башкы көйгөй – алардын баары ушул убакка чейин инвестиция тартуу ыкмасынын бир гана бөлүгүн аткарып жүрүшөт. Алар бул жерге келген инвестордун долбоорун ишке ашыруу кызматын кылышат. Андан тышкары өлкөгө келген инвесторлорго маалымат берип, ишкер чөйрөнү тандап, мыйзамдар менен тааныштыруу менен гана алек болушууда. Ал эми азыр инвесторду алдыга туруктуу максат коюп, дайыма жана ар тараптан издөө зарылдыгы бышып жетилди.

Эл аралык инвесторлордун сунушу боюнча агенттикке өзгөчө ыйгарым укуктарды берүү менен мамлекеттин жана чет өлкөлүк донорлордун каражатынын эсебинен иш алып барышы жана анда иштеген адистердин маянасы жакшы болушу керек.

Андан тышкары даяр инвесторду издебей, тескерисинче, Кыргызстандын экономикасына акча сала ала турган адамга же компанияга өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгүн ачып көрсөтүп, ишендирип, анан пайда ала турган булагына кызыктыра турган долбоорлорду сунуш кылуу зарыл.

Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин кеңешчиси Валерий Кимдин айтымында, азыр ушундай багыттагы 17 долбоор даярдалды жана анын экөөнү иштете турган ишенимдүү инвестор табылды.
XS
SM
MD
LG