Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08

Жумушсуздар коомдук ишке барбай жатат


НАРЫН. Облустук эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, жалпы республикадагыдай эле региондо да жумушсуздук өсүүдө. Ал эми жумушсуздарга жөлөкпулдун суммасы тескерисинче жылдан жылга азайууда. Экинчиден көпчүлүк жумушсуздар коомдук жумушка ишке жиберилгенде, аларга төлөнгөн акча каражаттар үй бүлөгө түшкөн жалпы киреше катары эсептелингендиктен, жумушсуздардын балдарына төлөнүүчү жөлөк кыскарып калууда. Ушундай жагдайдан улам жумушсуздар коомдук жумушту жасагандан көрө иштебей бош жүргөндү артык көрүшүүдө дешет, аталган башкармалыктын адис кызматкерлери.

XS
SM
MD
LG