Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

“Чынгызхандын ак булутун” тартуу ою бар


БИШКЕК. Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясынын көмөгү менен быйыл онго жакын даректүү тасма тартылды. Учурда Улуттук илимдер академиясынын 50 жылдыгына карата көлөмдүү даректүү тасма тартылууда. Жакында өкмөттүн жана демөөрчүлөрдүн каражатына кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров “Айыл өкмөтү” кинокомедиясын тартып, көрүүчүлөргө тартуулады.

Ал эми белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча кинорежиссер Бакыт Карагулов тарткан “Найман эненин көз жашы” аттуу кинотасмасынын бет ачары коомчулукка август айында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик киновидео компаниясынын президенти Мукталы Бектеналиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кинорежиссер Эркин Салиев, оператор Мурат Алиев “Булут” аттуу кинотасма тартып, ал июль айынын аягында коомчулукка көрсөтүлөт. Бул кинотасмадагы каармандардын ролун белгилүү эстрада ырчылары Адил Чекилов, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов ойногон.

XS
SM
MD
LG