Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоочулар даярдалууда


БИШКЕК. Ысыккөл аймагында “Бейөкмөт уюмдардын адилет шайлоо биримдиги” аттуу уюм октябрь айында болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн алдын ала даярдыктарды көрүү багытында семинар өткөрүүдө. Бул тууралуу ”Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, семинарда бейөкмөт уюмдардын аймактык өкүлдөрүнө шайлоо кодекси жана шайлоочулардын укуктары терең окутулуп жатат. Ошону менен катар шайлоо учурунда көзөмөл жүргүзүүчү 2 миң байкоочуну даярдоого аракеттер көрүлүүдө.

“Ошондой эле, көз карандысыз байкоочулардан тышкары талапкердин жана ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган байкоочуларды, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жергиликтүү кеңештерге шайлоону мыйзамдын негизинде жүргүзүүнү окутуп, ар кандай тренингдерди өткөрүүгө жардам беребиз”, дейт Эдил Байсалов.

XS
SM
MD
LG