Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

"САРМЕРДЕН"


Байыркы көчмөн кыгыздардын арасына кеңири тараган салттык ырдоо - сарменден нечендеген кылымдарды басып, нечендеген доорлорду аралап, бабадан атага, балага, өбүрө, чөбүрөгө өтүп, ооздон оозго көчүп, бүгүнкү күнгө чейин жашоосун улантып келет.

Ал ар кандай салтанаттарда чоң, кичине тойлордо, үйлөнүү үлпөтөрүндө, кышында жоро ичкенде, жайында кымыз бузганда, шерине жегенде, нооруз, орозо, курман айт майрамдарында, жөнөкөй эле жакшы санаалаш чогула калганда көңүл ачуу, жарп жазуу үчүн ырдалган сармердендин тартиби, эрежеси бар.

Үйдө отургандардын баарысы улуу, кичүүсүнө, сакалдуу, көкүлдүүсүнө, жынысына карабай катары менен бир адам калбай милдеттүү түрдө ырдашкан. Алардын аткаргандары нака ашыктык ырлары, күйгөндөр менен секетбайлар болгон. Ал эми ким ырдай албаса макал, ылакап, табышмак, күлкүлүү, куйкумдуу, тамашалуу кеп-келечтерди, жорго сөздөрдү, кызыктуу, нускалуу айтымдарды да айтышкан.

Кимде-ким алардын бирин айта албай, айласы кетип, аргасы түгөнгөндө уйча мөөрөп, жылкыча кишенеп, койчо, эчкиче маарап, казча каркылдап, жан-жаныбарлардын үндөрүн да туурашкан. Сөздүн ток этер жерин айтканда, кандай гана болбосун эптеп айла-амал таап, отургандардын черин жазып, көңүлдөрүн ачуу, күлдүрүү болгон.

"Жакшы кеп жан сергитет, жакшы ыр көңүл эргитет" дегендей жакшы кепти, жакшы ырды, күлкүлүү, ар кандай тамашаларды уккуң келсе, "Айтыш" коомунан угасың. Жакында бирде эстелип, бирде эстелбей күнү бүтүп бараткан сармерденди улуу-кичүүсүнө карабай "Айтыш", "Манас-мурас" коомдорунун катышуучуларынын чакан тобунда тамашалашып, саймедирей ырдап отурушканын үстүнөн чыктым.

Алар жаш төкмө акындар Элмирбек Иманалиев, Азамат Болгонбаев, акын Олжобай Шакир, жомокчу Рысбай Исаков, чарба кызматкери Акимжан аке, кичинекей манасчы Назар, ырчы Кундуз Таштаналива ж.б. экен. Анда алардын отурушуна көңүл бөлөлү, ырдаган ырларына кулак төшөйлү.

Сармердендин салты, талабы боюнча катары менен ырдарын жакшы билесиңер. Аяк өйдөлөтө эле Элмирбек мырзадан баштайлы:

- Айтыш, айтыш деп эле жүрүп күйгөн менен секетбайларды такыр ырдабай баратабыз. Мен сармерденин салтын улап, отурушту баштап берейин. Элдик күйгөндөн:
Ай тигил сенин сарайың,
Мен ай тийгенче барайын
Ай тийген жерге келбесең,
Азабың тартып калайын,
Күн ой чыккан сенин сарайың,
Мен ой күн чыкканча барайын,
О, жаным, күйүтүң тартып калайын
Чычкандын суусу тереңдеп,
Кече албай турам элеңдеп,
Өткөрүп койсоң болоо о көпүрө салып белендеп


Үндөр: - Бали, азамат, жаша (күлкүлөр)

- Кана Олжобай мырза?

- Мени жарга такадың. Элден калбай мен да күйгөн менен секетбайлардын атасы аталган кадимки Боогачы бабабыздын "Үкөйүнөн" бир-эки шингил таштап койоюн:

Алалуу гана жылкы ээ элде бар, ой
Ашыктык гана милдет менде бар,
Армандуу гана болдум жете албай
Ээ көйүм, аз милдетиң ой менде бар,
Кулалуу гана жылкы ээ-элде бар, ой,
Курдаштык гана милдет сенде бар,
Кусадар гана болдум жете албай,
Ээ, ээ куп милдеттиң менде бар ээ.
Эми талаадан тердим тезекти, берип койдум кезекти Рысбай мырзага:


Үндөр: - Кана, Рысбай көпкө карап турбай, катардан калбай билгениңди айтып бер.

- Тезегиңди жагайын, кезегин табайын, эми булар күйгөндөн, сүйгөндөн ырдап айтышат. "Алыбек алына жараша" дейт, кайкалап бели ийилген, карарып кашы чийилген, иймейип бели ийилген, ийрейип кашы чийилген, өзөгүңө өрт болгон өзү азем көрк болгон, эңсегенде тынч албай эки көзүң төрт болгон кыздар жөнүндө булардын күйгөн, сүйгөн тууралуу ырдагандары жетиштүү болуш керек деп ойлойм. Мен ырдасам ага да жооп бербей бука мөөрөгөндөй болуп үнүбүз да туура келбейт. Булар ырдабай чакырса, биз ырдап чакырабыз. Ошондуктан үнүмө жараша: бала кезде ырдаган ырдан:
Аюлар уктап жатканда,
Эшектер бийлеп атканда,
Бир эшекти мен минип,
Учуп чыктым асманга,
Учуп чыгып асманга,
Ары-бери басканда,
Магнитофон көтөрүп
Кудайым жүрөт асманда,
Жүр деди Кудай
Үйүнө бардым сүйүнө
Чайкан байлап коюптур,
Алберинин түбүнө,
Кир деди Кудай үйүнө,
Үйүнө кирдим сүйүнө,
Арак берип мас кылып,
Анан мени кууп чыкты үйүнөн
Үйүнөн чыктым кекирип,
Асмандан түштүм секирип,
Ошондон бери мен,
Кудайдан жүрөм бекинип - деген экен. Эми ушул тамашасы, тамаша чындыгына жараша эми мага Азамат жооп берүүгө жараса.


- Кана Азамат эмне дээр экен?

- Мен да "Манастан Чубак кем бекен" дегендей агаларымдан кем калбай, элдик секетбайдан бир-эки ооз таштап койоюн:
Ээ акылман ашык, о эсенби?
Ээ айтышкан сөзгө бекемби.
Ээ убараңды көп тартып,
Мен дубана болуп кетемби?
Ашыгыма жете албай
О аманат жандан кечемби.
Ээ сууга аккан какымды
Ээ сурасаңды оо алымды,
Ээ мындан көрө какшатпай
Алсаңчы оо мени жаныңа!
Көрбөдүң теңин карааныңды
Ээ издесем сендей табамбы,
О ашык отун жандырып
О алдыңызга барамбы?


- Акимжан аке сиз да жаштардын арасында отурупсуз. Карылыктын алды, жашчылыктын арты деп, катардан калбай жаштыгыңызды эстей эки ооз бирдеме деп койбойсузбу?

- Эми өзүбүз карысак да көкүрөгүбүз баягы эле
жаш бойдон. "Бир сабак ыр билбеген кыргыз жок" дегендей жаш кезде ырдап жүргөн ырды эске салайын:
Ээ, жогортон шамал желдеди,
Ак келин мени тергеди,
Барайын десем ит үрөт,
Барбайын десем ич күйөт, - деп кыргыздар ырдай берет.


- Ырахмат, ырахмат, көп жашаңыз.
Мына бул биз менен отургандардын эң кенжеси, жан эркеси Назар отурат. Болочокто чоң манасчы болсом деп, Манас айтып жүрөт. Анда кезек Назарда:

- Ээ Орозонун он уулу,
Эрешен тартып эр болуп,
Эрбейип атка мингенде,
Эптеп-септеп жүргөндө,
Абаң Байга барыптыр
Аларга кеңеш салыптыр
Ак балта жайын сурасаң,
Нокуттап чыккан жан экен,
Алоокеге алдырып,
Адашып калган кези экен,
Өлсөк, бирге өлсөк деп,
Кара кытай манжуга,
Тиктуруп алым бергиче деп
Кырчылдашып көрсөк деп
Кайран балта абаңыз
Кытайдан кыйла туруп,
Кылган ишин караңыз, деп,
Алтымыш балбан кол баштапалдыга чыкты жол баштап.


- Ырахмат. Назар уулум. Жанатан кары, жаш дебей ырдап отурасыздар. Эми сармердердин көп түстүүлүгүн, ар түрдүүлүгүнүн үлгүсүн көрсөтүү максатында Элмирбек мырза табышмак айтса жандырмагын Рысбай мырза жандырып берсин.

- Рысбайдын башын чайкайын, же бул баарын билет. Кыйындыгын байкайын.
Э: - Сөз атасы эмне?
Р: - Сөз атасы кулак.
Э: - Суу атасы эмне?
Р: - Суу атасы булак.
Э: - Жол атасы эмне?
Р: - Жол атасы туяк.
Э: - ооруу деген эмне?
Р: - Кор болгону жаңыдын.

Азамат: - Жанымдагы отурган асмандагы жылдызым, кубанып калсын кыргызым, күйүттү басчы Кундузум.

- Ал кезде сен
тентек кызсың эселек,
Мен да бала колдон,
Сүт оозумдан кетелек.
Жар боруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп ий,ий
Жаңы гана экөөбүз,
көчүп келдик дечү элек.
Кемпир десем, мен колуңдан жетелеп.


Сиздер абалкы салттык сармерден ырдоосунун жалпы үлгүлөрү менен тааныштыңыздар. Ырас, Кеңеш доорунда сармерденди ыр кесе деп да келдик. Бирок ар нерсени өз аты менен, маани-маңызын, жол-жобосун бузбай айтканга не жетсин.
XS
SM
MD
LG