Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

ГААГА СОТУНУН ИЗРАИЛДИН ДУБАЛЫ ТУУРАЛУУ КАБЫЛ АЛГАН ЧЕЧИМИ ПАЛЕСТИНАЛЫКТАРДЫ КУБАНДЫРДЫ


Аким Өзгөн, Стамбул Гаага шаарындагы эларалык сот жума күнү Йордан дарыясынын батыш жээгинде жана Кудус шаарынын тегерегинде Израиль тургузуп жаткан дубалдар эларалык мыйзамдарды одоно бузгандыгы тууралуу чечим чыгарды.

Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясы өткөн жылдын декабрь айында сотко кайрылып, Израиль куруп жаткан бул коргондун легалдуулугу тууралуу аныктамасын чыгарып берүүнү суранган эле. Эларалык адилет сот 700 чакырым узундуктагы бетон дубалдардан, тикенектүү зымдардан жана көзөмөл бекеттеринен турган бул айтыла жүргөндөй «экинчи кытай коргону» тууралуу чечимин бекитип олтуруп, Израилдин эларалык мыйзамдарга кайчы бул жоругу Палестин территориясына курулду дегендикке жатаарын, Палестинанын эгемендүүлүк укуктарына бөгөт болорун билдирди.

Милдеттендирүүчү күчү болбогон, бирок Коопсуздук кеңешинде Израилге каршы кабыл алынуучу кандайдыр бир резолюцияга моралдык таяныч боло алчуу мүнөздөгү токтомунда эларалык сот Израилден коргонду тургузуу жумуштарын дароо токтотуусун; басылып алынган жерлердеги дубалдарды алып салууну жана бул коргондун курулушунан зыян тарткандарга компенсация төлөөсүн талап кылды.

Сот ошону менен катар эле бүгүнгө чейин Израилдин кызыкчылыгына каршы келе турган эч кандай токтом беките албаган Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин бул өлкөгө каршы санкция жарыялоого чакырды.

Бир сүйлөм менен айтканда, сот 14 добуш «макул» менен, 1 «каршы» добуш менен чыгарган чечими аркылуу “коргондун тургузулушун актай албай турганын” жарыя кылды.

Палестиналыктар соттун чечимин «чоң жеңиш» катары баалашты. Премьер-министр Ахмед Куреи бул чечим израилдиктерге эларалык кысымдын андан ары күчөөрүнө үмүтүн байлаарын билдирди.

Куреи Палестина өкмөтү эларалык коомчулуктун жана бүткүл дүйнөнүн кысымы астында Израиль дубалдарды алып салганга чейин, Улуттар Уюмунда бул иштин артын мындан ары жазбай улантарын айтты.

Израилдин Бириккен Улутттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Дан Гиллерман болсо «эларалык сот Израилдин коопсуздук керектөөлөрүнө жеткилең баа бере албаганын айтты:

- 60 беттен турган, кеңеш берүү мүнөзүндөгү чечиминде эларалык сот проблеманын чыныгы маңызын жана бул коргондун тургузулушундагы негизги максатты - Израиль капташып келаткан ылгоосуз карасанатай башкесер террор өнөктүгүн дегеле таназарга албай койгону өкүнүчтүү жана таңкалычтуу.

Гиллерман коргон курула баштаган 2002- жылдан бери Израидиктерге карата жасалган жанкечти террор актыларынын саны көрүнө кыскаргандыгын билдирди.

Негизи, Израиль коргонунун экономикалык жагы да бар. Коргондун эң күжүрмөн тарапкерлеринин бири - Израилдин коргонуу министири Шаул Мофаз жакында өткөн бир семинарда бул чындыкты цифралар менен далилдеп чыкты.

Коргон Израил бүгүнгө чейин ишке ашырган эң ири инфраструктуралык объект болорун бышыктайт министр. Анын баяндоосуна караганда, дубал бүткөнгө чейин 9 миллиард шекел, демек, болжолу 2 миллиард доллар чыгымдалат. Ал 5400 кишини жумуш менен камсыз кылатжана бул аркылуу Израилдин өсүшү басаңдап калган экономикасына кошумча стимул берип жатат.

Министирдин айтымында, коргон ошол эле учурда ‘Ал-Акса Интифадасы’ себептүү Израилдин экономикасына тийген зыяндарынын ордун толуктап, туризм аркылуу киргизилген кирешенин көбөйүүсүнө жана чет элдик инвестициянын артуусуна шарт түзмөкчү. Мындайча айтканда, Израиль ушу күнгө чейин дубалдан экономикалык бир катар утуштарга ээ болгон. Бирок бул утуш тилекке каршы, ар дайым жарды жашаган палестиналыктардын эсебинен болуп келатат, башкача айтканда, Израиль уткан сайын палестиналыктар алсырап жатат.

Бул жоготуулар ырасмий изилдөө жана иликтөөлөр аркылуу такталган. Дүйнөлүк банк, Бириккен улуттар уюмунун айрым мекемелери, Израилдин бейөкмөт уюмдарынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгына ылайык коргон тургузулуп бүткөндө Палестинанын жетимиштей айылы курчоодо калат. Маалыматтарга караганда ал айылдарда болжолу 270 миң палестиналык жашайт. Палестиналыктардын миңдеген гектар эгин талаалары жараксыз болуп калып, бүгүнгө чейин 83 миң түп бак-дарак жулунган.

Гаагадагы эларалык сот кийинки чечими аркылуу Израилди бул жоголтуулардын ордун толуктоого чакырып жатат. Бирок бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин резолюциясында айтылышы керек. Коопсуздук кеңешинде ар дайым Израилди коргоп келген Кошмо Штаттары кеңештин Израил тууралуу акыркы резолюциясына тарыхта биринчи жолу калыс добуш берди. Эмки маселеге АКШ кандай реакция жасаары белгисиз.
XS
SM
MD
LG