Анбар. Кечээ Ирактын батышындагы Анбар провинциясында америкалык 4 жоокер унаа кырсыгынан набыт кетти. Азырынча кырсыктын себептери белгисиз. Америкалык аскер жетекчилигинин маалыматтары боюнча бул кырсык аскердик операция учурунда болду. Анбар провинциясында америкалык аскерлер менен сунит козголоңчуларынын ортосунда кагылышуулар бат-бат болуп турат.
Дүйнөлүк кабарларды Прага шаарында Азиза Турдуева даярдады.
Дүйнөлүк кабарларды Прага шаарында Азиза Турдуева даярдады.