Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Жапонияда парламенттик шайлоо өттү


Токио. Бүгүн Жапонияда парламенттик шайлоо өттү. Өлкөнүн либерал-демократиялык партиясынан жана оппозициядан көрсөтүлгөн талапкерлер 242 депутаттык мандат үчүн атсалышты. Аналитиктер белгилеп жатышкандай, Жапониядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары өлкөдө премьер-министр Дзюнтиро Коидзуми жүргүзүп жаткан саясат шайлоочулардын колдоосуна канчалык деңгээлде ээ экендигин көрсөтөт. Жапониянын өкмөт башчысынын соңку ири кадамдары катары Иракка аскерлерди жиберүүгө жана өлкөдө пенсиялык реформаны баштоого байланыштуу чечимдерин белгилей кетсек болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG