Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Тель-Авивде кайрадан жардыруу болду


Тель-Авив. Бүгүн эртең менен Тель-Авивде болгон жардыруудан бир адам набыт кетип, онго жакыны жараат алды. Террордук акт үчүн жоопкнрчиликти “Ал-Аксы” козголоңчулар тобу өзүнө алды. Бомба аялдамага коюлуп, ал жерге автобус токтогондо жардырылган. Бул жардыруу Гаадагы эл аралык соттун “коопсуздук дубалын” куруу маселесине байланыштуу чечиминен үч күн өтпөй орун алды.

Израильдин премьер-министри Ариэль Шарон палестин козголоңчулары жөөттөр тарабынан тосмо дубалынын курулушуна каршы күрөшүүдө деген пикирин билдирди. Ал эми жөөт вице-премьери Эхуд Ольмерт бүгүнкү жардырууга байланыштуу мындай деди:

- Тель-Авивдеги бүгүнкү жардыруу террордукка карыш согуш аяктабай жаткандыгын көрсөттү. Биз бул согушту улантышыбыз керек жана террордун аякташына бүт күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз. Ал эми коопсуздук дубалынын курулушу террорчулардын активдешүүсүнө жол бербейт.

XS
SM
MD
LG