Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Иракта барымтага алынган адамдын тагдыры белгисиз


Багдад. Иракта барымтага алынган филиппин атуулу Анхело де ла Крустун өмүрү коркунучта турат. Аны барымтага алган козголоңчулар филиппин өкмөтү өз аскерлерин Ирактан тез арада чыгарып кетпесе, Анхело де ла Крус өлтүрүлөт деп бүгүн дагы бир ирет эскертишти.

Буга чейин Филиппин президенти Глория Арройо аскерлер Ирактан август айынын башында чыгарылат деп маалымдаган. Кечээ “Ал-Жазира” телеканалынан барымтадагы Анхело де ла Крустун филиппин өкмөтүнө кайрылып, козголоңчулардын талабын аткарууну суранган өтүнүчү тартылган видеотасма көрсөтүлгөн.

Ирактагы дагы бир козголоңчулар тобу болгариялык эки атуулду барымтада кармашууда. Алар америкалык аскер жетекчилигинен камакка алынган ирак козголоңчуларынын баарынын бошотулушун талап кылып жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG