Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Европада кээ бир жерде кар жаап, кээ бир жерде ысыктан киши өлүүдө


Ж

Катуу ысыкта 18 киши каза тапкан Руумынияда апта соңунда нөшөрлөгөн жаан жаап, чагылгандан 4 киши набыт болду. Катуу шамалдан 400 чакты үйгө зыян келип, 4 миң 600 гектар буудай талаасы керектен чыкты.
Германиянын эң бийик тоосу болгон Цугшпицеде 10 сантиметр кар жаап, минус 6 градус суук болду.
Анын аралыгында, Балкан жарым аралын ысык абанын толкуну басты. Македонияда өткөн аптада ысыктан 15 киши көз жумган эле. Грецияда бийликтер 40 градустан ашкан ысыктан сактанып, дем алуу органдары жабырлаган же жүрөгү ооруган адамдарга күнгө чыкпоого кеңеш берүүдө.
Аба-ырайын айтып калдык, анда Кыргызстанда бүгүн күн кандай болот экен, ушуну билели. Метериологдордон Алина кангелдиева кабар алды.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаныл Чытырбаева, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG