Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Маскөөдө бүгүн Михаил Ходорковскийдин үстүнөн сот иши кайра уланат


ЮКОС мунай компаниясынын эң ири акция кармоочусу болгон Ходорковскийге салык төлөөдөн качкан жана мамлекетти алдаган деген айып коюлууда. Күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
ЮКОС өткөн шаршембиге чейин дээрлик 100 миллард доллар салыгын төлөп берүүгө тийиш эле. Бийликтер компаниянын Маскөөдөгү кеңсесинен документтерди конфискациялап, банк эсебин жаптырды. Ходорковский жана башка акция кармоочулар өкмөт менен мунасага келе алса, компанияны сактап калыштары да ажеп эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG