Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Иракта дагы бир нече америкалык аскер курман болду


Самарра деген шаардын жанында жол боюнда бомба жарылып, эки америкалык аскер көз жумду. Жардыруудан дагы үчөө жараат алды. Аскерлер кечээ армия кербени менен баратканда бомба жарылган.
Мындан тышкары, Болгариянын тышкы иштер министрлиги Иракта барымтага алынган эки болгар дале тирүү деген билдирүү жасады. Эки машина айдоочу Мосул шаарынын жанында бейшемби күнү уурдалып кеткен эле. Барымтачылар 24 сааттын ичинде америкалык аскерлер ирактык айыпкерлерди бошотпосо, экөөнү өлтүрөбүз деп эскертишкен. Ушул эле күнү филипиндик машина айдоочу уурдалган эле. Барымтачылар Филипин өкмөтү Ирактагы 51 аскерин чыгарып кетпесе, туткундку өлтүрөбүз деп кабар жөнөтүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG