Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бүгүн Лондонго жөнөп кетти


3 күндүк визит учурунда Саакашвили премьер Тони Блэр менен сүйлөшүү жүргүзүп, Каныша Елизавета Экинчи жана Британиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугат. Сапарга аттанаардын алдында президент Түштүк Осетиядагы кырдаал тынчыганын билдирди.
“Түштүк Осетиянын лидери Эдуард Кокойты Москвадагы айрым чөйрөлөрдөн кандуу согуш баштоо тууралуу көрсөтмө алган. Бирок Кокойты жана анын “кожоюндары” уруштун арты алардын өздөрү үчүн жаман болоорун андашты”, - деди Саакашвили. Президенттин ырастоосунда, Грузин өкмөтү олуттуу жаңжалды алдын алууга жетишти. 1990-жылдардын башында жарандык согуштан кийин Россиянын колдоосуна таянган Түштүк Осетия Тбилисиден көз карандысыздыгын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG