Зебари Евробиримдиктеги кесиптештери менен жолугушуу өткөрүп, шаркеттин Иракка бере турган жардамын талкуулайт.
Министр биримдиктен конкреттүү колдоо күтөөрүн белгиледи:
- Мен бул жерге Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин чакыруусу менен келдим. Жолугушууда Ирактагы кырдаал сөз болмокчу. Мен шаркеттин жарадмына байланышкан бир катар сунуштарды ала келдим. Ошол жардам курулай сөз бойдон кала бербейт деп ишенем. Шайлоого даярданып жаткан кезде биз конкреттүү иш-чараларга муктажбыз.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Ирак менен саясий диалогду улантуу жана реконсnрукция иштерин колдоо жөнүндө атайын декларация кабыл алышат деп күтүлүүдө. Брюсселдеги дипломаттардын ырастоосунда, коопсуздук абалынан улам, биримдик азырынча Ирактагы ролун кеңейте албайт.
Кабар агенттиктеринин маалыматына караганда, Зебари НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен да жолугушат.
Мурда Брюсселге премьер-министр Йад Аллави барат деп болжолдонгон эле, бирок өлкөдөгү коопсуздук кырдаалынан улам, анын ордуна министр Зебари жөнөдү.