Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

Эми Ирактын өз коңшулары менен карым-катнашы тууралуу серепке назар салыңыздар. Жекшембиде Сириянын ордо шаары Дамаскта болуп кайткан Ирактын убактылуу өкмөтүнүн вице-премьер-министри Бархам Салих коопсуздук жаатында өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин айтты. Анын сөзүнө караганда, алты жүз чакырымдык орток чек ара күчөтүлгөн көзөмөлгө алынып, исламчы жоочулардын андан ары-бери өтүүсүнө тоскоол кылынмакчы. Деги, Багдад өз коңшулары менен алакасын кантип жүргүзүшү керек?

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн вице-премьер-министри Бархам Салих (Barham Salih) Кошмо Штаттар расмий Багдадга эгемендикти кайтарып бергенден кийин Дамаск шаарына барган алгачкы ирактык расмий жетекчи болуп калды.

Анын айтымында, сүйлөшүү жемиштүү болду. Эми сириялык-ирактык чек ара аркылуу исламчы жоочулардын ары-бери өтүшүнө каршы чечкиндүү чаралар көрүлмөкчү. Жекшембиде Сирия президенти Башар Асад менен жолуккан соң, Салих журналисттер үчүн маалымат жыйынын куруп, мындайча билдирүү жасады:

- Ирактын коопсуздугу жана эгемендиги ирактыктар үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн да олуттуу мааниге ээ экенин сириялык тарап туура аңдап жатат. Бул жааттан алганда, биз өз ара бир тууган болгон эки тарап үчүн тең кызматташтык зарыл экенин көрүп турабыз.

Ал эми кеңсеси Лондондо жайгашкан Эл аралык мамилелерди иликтөө боюнча падышалык институттун Жакынкы чыгыш адиси Рим Аллаф (Rime Allaf) айым болсо Салихтин Дамаск сапары Ирактын өз коңшулары менен карым-катнашын калыбына келтирүү жараяны үчүн олуттуу мааниге ээ экенин баса белгилейт:

- Ирактын вице-премьеринин Сирияга жасаган бул иш сапары Сириянын да көксөгөнүн таптырды. Бул – Сирия жана башка коңшулары менен кызматташтыктын зарыл экенин азыркы Ирак өкмөтүнүн таанышы маселеси.

Анын оюнча, Ирактагы кырдаал жалпы эле Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, анын ичинде Түркия, Иран жана араб мамлекеттери үчүн тынчсыздануу туудурган маселе экенин расмий Багдаддын көңүлгө алышын Дамаск бийлиги өзгөчө каалайт. Бирок Ирактагы азыркы убактылуу өкмөттү расмий Дамаск азырынча тааный элек.

Париждеги Эл аралык мамилелерди иликтөөчү француздук институттун өкүлү Реми Лөво (Remi Leveau) болсо Ирак үчүн анын чыгыштагы коңшусу да маанилүү экенин эскертет:

- Эгерде Сирия Багдадга чек араны көзөмөлдөө жаатында маанилүү болсо, ал эми Иран – ирактык шийилерге таасир көрсөтүүсү жагынан андан алда канча маанилүүрөөк. Бирок Багдадга ишти Сирия менен алаканы түзүү аракетинен баштоо оңоюраак сыяктанат, анткени Сирия Ортоңку чыгыштагы опурталдуу кырдаалдан жана, асыресе алганда, Ливандын бир бөлүгүнө көзөмөл жүргүзүүсү жаатында өзүнө Израил менен Кошмо Штаттар күчөтүшү ыктымал болгон кысымдан чочулап турат.

Ал эми Түркия, бул француз адисинин айтымында, Багдад бийлиги менен Ирактын түндүгүндөгү күрт маселесин чечүү жаатында алгылыктуу кызматташтык жүргүзө алаар эле.
XS
SM
MD
LG