Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жалалабад, Ош, Баткен аймактарынын коммунисттери биригүүдө


ЖАЛАЛАБАД. Коммунисттик эки партиянын Жалалабад облустук жана Каракулжа райондук бөлүмдөрүнүн конференциялары эки саясий партиянын жергиликтүү уюмдарынын башын кошуп, ишин күчөтүү, өз сабына жаштарды тартуу жана аларды тарбиялоо чечимин кабыл алды. Бул жөнүндө Коммунисттик партиясынын түштүктөгү төрагасы Сейитказы Момунжанов 12-июлда билдирди. Анын билдирүүсү боюнча майда уюмдардын саясий максатка жетүүсү кыйын. Учурда партия аброюн кайра көтөрүп жергиликтүү жана парламенттик шайлоого элдин чоң колдоосу менен катышуу милдетин алдыга коюуда. Коммунисттик партиянын Жалалабад облусунда жүздөн ашык баштапкы уюму, ал эми Ош облусунда 5 миңдей мүчөсү бар.

XS
SM
MD
LG