Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Жалалабад облустук ички иштер башкармалыгы жарым жылдагы ишин жыйынтыктады


ЖАЛАЛАБАД. Анда айтылган маалыматка караганда, облуста алты айда жасалган 1 миң 634 кылмыштын 84 пайызы ачылган. Адам өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык кылуу кылмыштарын ачуу боюнча иш жакшы болгону менен мал, батир уурдоо, алдамчылык, маңзат аткезчилиги токтобой жатат. 200 кг. маңзаты кармалып, Базаркоргон, Жалалабад, Токтогул аймактарында кара куурай өстүрүү уланууда. 141 экономикалык кылмыштан эл чарбасына 2 млн. сом зыян келген жана анын 1,7 млн. сому өндүрүлгөн. Кызматынан пайдаланып мыйзам бузууга барган 200 милиционер жаза алды. Ички иштер башкармалыгы өз алдына тергөө жана үй-жайсыздарды убактылуу кармап, бөлүштүрүү жайларын куруу милдетин алдыга койду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG