Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Тамеки өмүргө зыян


БИШКЕК. Бишкекте “Тамекиден эркин Кыргызстан үчүн” аттуу улуттук коалиция түзүлдү. Аталган коалиция коомдо тамеки тартуунун зыяндуулугу тууралуу маалыматтарды таратып, өлкө аймагында тамеки тартууга каршы күрөш жүргүзөт жана тамеки тартууну чектөөгө негиз берген мыйзамдарды даярдайт. Бул тууралуу коалициянын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти.
Кыргызстандын жашы 18ден жогору курактагы калкынын 50% тамекиге көз каранды. Акыркы он жыл ичинде тамеки тартуучулардын саны 2 эсе көбөйгөн. Өткөн жылдагы статистикалык маалыматтарга караганда, мектеп жашындагы балдардын арасында тамеки тарткандардын саны 20% жеткен.
Дүйнө жүзүндө күнүгө тамеки тартуудан 13 миң адамдын өмүрү кыйылат. Ал эми Кыргызстанда жылыга 10 миң адам тамекинин кесепетинен айыкпас кеселге чалдыгып, дүйнө менен кош айтышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG