Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

«Пишпек» мейманканасы кайра алынабы?


БИШКЕК. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет Бишкектин «Пишпек» мейманканасын Малазиялык «Сафуан Берхард» компаниясынан кайра алуу үчүн сотко доо арыз берди. Мындай маалымат бүгүн мамлекеттик комитет төрагасынын орун басары Азимбек Мадмаровдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, азыр сотто каралуучу документтер эл аралык нормаларга ылайыкталып даярдалууда. Ал эми Кыргызстандын Малазиядагы мурдагы элчиси, «Сафуан Берхард» компаниясынын келишине көмөктөшкөн Мамбетжунус Абылов менчикке сатылган мейманкананы кыргыз тараптын кайра алуусу кыйын экендигин билдирди. Малазиялык компания «Пишпек» мейманканасын өз менчигине 2002-жылы сатып алган. Кыргыз тарап ал макулдашууда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбагандыктан аны кайра алууга умтулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG