Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

ТИМ билдирүү таратты


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, анда президент Аскар Акаев Түндүк атлантикалык альянстын 28-29-июнда Стамбулда өткөн саммитинде Орусия менен альянстын өнөктөштүгүнүн алкагында орусиялык-америкалык бирдиктүү база түзүүнү сунуштаган эмес деп билдирди. Билдирүүгө караганда буга Акаев Стамбул саммитинде ушундай сунуш киргизди деген маалыматтын айрым массалык маалымат каражаттарында жазылгандыгы себеп болду. Президент Акаев мындай сунушту аталган саммитте гана эмес башка жерлерде да айтпагандыгын баса белгилеген Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө Кыргызстан атаандаштык эмес, азыркы учурдун коркунучтарына каршы күчтү бириктирүүнү жактаарын жарыя кылды. Андан тышкары антитеррорчул коалициянын Манас аэропортундагы авиабазасы эл аралык терроризм менен күрөшүү, ал эми Канттагы авиабаза Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин региондогу кызыкчылыгы менен коопсуздугун коргоо максатында тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG