Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

«Элет» партиясы кезектеги курултайын өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн «Элет» саясий партиясынын экинчи курултайы болду. Анын күн тартибине төрт маселе коюлуп, партиянын саясий кеңеш курамы өзгөртүлдү. Ага ылайык, 45 адамдан турган партия кеңешинин төрагалыгына Накен Касиев бекитилди. Мурдагы теңтөрага орундары жоюлуп, орун басарлыкка Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Жангороз Каниметов менен Ташполот Балтабаев шайланышты. Андан тышкары саясий аткаруу комитетинин 15 адамдан турган жаңы тутуму түзүлүп, Конституциянын жаңы редакциясынын жана Шайлоо кодексининин жаңы талаптарына ылайык партиянын устав, программасына өзгөртүү киргизилди. Курултай акырында жалпы өлкө элине, анын ичинде элетте турган калкка кайрылуу кабыл алды. Анда партиянын алдыда турган милдет, багыттары тууралуу маалымат берилип, келерки жылдагы шайлоолордо коомду бөлүп-жарууга жол бербей, ынтымакта калыс өткөрүүгө элди чакырышты. «Элет» партиясы 2002-жылдын күзүндө түзүлгөн жана азыр анын жети жарым миң мүчөсү бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG