Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасынын отчету


БИШКЕК. Эл өкүлдөр палатасынын ХХ сессиясында 90 ашуун маселе каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев маалымат жыйынында билдирди. Төраганын айтымында, палатанын сессиясында өкмөттүн отчету талкууланып, аткарган иштери негизинен жактырылган. Ал эми Саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер сынга алынып, министрликтин иши канааттандыраалык эмес деп табылган. Ошондой эле мындан жети жыл мурда өкмөттүн кепилдиги менен 30 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү кредитти сарптаган “Жибек жолу” акционердик коому тууралуу Башкы прокурордун маалыматын угуп, аталган акционердик коомдун чарбалык иштерин текшерип, эсебин тактоо үчүн беш адамдан турган депутаттык комиссия түзүлгөн. Сессиянын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана Чегара кызматынын жетекчилери аткарылган иштер тууралуу маалымат берген. Күч структуралары өлкө аймагында террордук акттарды болтурбоо жана анын алдын алуу иш чараларын күчөтсүн деген депутаттардын сунуштары эске алынып, 1-ноябрга чейин анын аткарылышы боюнча маалымат бериле турган болду. Ал эми Улуттук банктын финансылык тартип бузууларга жол бергендиги парламентте катуу талкууланып, анын отчетун угууну күзгү сессияга калтырышкан.

XS
SM
MD
LG