Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн «Алаарча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын төртүнчү отуруму башталды. Анын күн тартибине суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу,транспорт, чек ара, бажы, газды ташуу, Ысыккөлдөгү эс алуу жайларына Казакстандын менчик кылуу укугун жөнгө салуу, эмгек миграциясы жана аскерий коргонуу кызматташтыгына байланышкан 15 маселе бар. Отурумдун башында кыргыз тараптын төрагасы, Кыргызстандын Евразия экономикалык кызматташтык уюмундагы вице-премьер министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов сөз сүйлөп, эки өлкөнүн ортосунда мурда кабыл алынган бир катар макулдашуулардын аткарылбай жаткандыгына кабатырлангандыгын билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, президенттер кабыл алган чечимдер министрликтердин деңгээлинде ишке ашпай жатат. Муну автомобиль каттамдары боюнча кабылданган макулдашуу аткарылбай Талас облусунун машиналарынын Жамбылга кире албай калгандыгы жана Казакстандын электр энергиясын белгиленген өлчөмдө албай жаткандыгы айгинелейт. Кыргыз тарап кышында суунун өлчөмүн азайтып, Чардарыя суу сактагычын ташкындан сактап калган менен Казакстан 1 миллиард 100 миллион киловатт саат электр энергиянын ордуна болгону 76 миллион киловатт саат гана алган.

XS
SM
MD
LG