Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ ТЕМИР УСТАЧЫЛЫК


Темир өндγрγшγ оң жолго коюлган өлкөнγн экономикасы өнγгγп, согуштук абалы өскөн. Орто кылымдагы кыргыздар темир иштетишип, чарбага керектγγ шаймандардан баштап, жоо куралына чейинки жарактарды жасашкан.

Адамзат тарыхында коомдук өнγгγγнγн бурулуш окуялары көп болгон. Башында адамдар таштан курал жасашып, эптеп кγн көрсө, кийин темир иштетилип, чарба жана жашоодо кыйла өсγштөр жетишилген. Орто кылымдагы кыргыз усталары, эмгек шаймандары жана жашоого керектγγ зергер буюмдары болуп Кыргыз каганатынын жогорку экономикалык абалын далилдей алат. Кыргыз өлкөсγндө алтын, кγмγш, жез, коло, темир жана метеорит болоту иштетилгендиги илимде эбак далилденген. Кыргыздардын жогорку сапаттагы темир иштетишкендигин чыгыш жазма булактарынан тарта алар өздөрγ жазган руникалык эстеликтерде эскерилет. Азыркы Хакассия Республикасында орто кылымдагы кыргыз усталары узанган жерлерди «хыргыс узанган чир» -деп аташат. Кыргыздар темирди тоолордон казып алыш γчγн таш төшөп, жол салышып, дөңгөлөктγγ арабаларды пайдаланышкан. Хакастар бу жолдорду «хыргыс чолы» же кыргыздын жолу деп аташат.

Анда эмесе кыргыздардын темир устачылыгы боюнча археолог Кубатбек Табалдиевдин пикирин тыңдап көрсөк:

- Кыргыздардын куралдары көп биринчиден, аскердик куралдар, тиричиликте колдонгон куралдар бар. Түздөн-түз орто кылымдагы кыргыздар менен азыркы кече-жакында колдонулуп келген кыргыздын улуттук куралдары. Тиричиликте, же аскер ишинде колдонулган куралдары шаймандарды ортосунда көп окшоштуктарды табууга болот. Атчандыктардын үзөңгүлөрдүн орто кыдымдагы формалары менен кийинки 19-кылымдын акырына, 20-кылымдын башына чейинки колдонулуп келген атчамдыктардын ортосунда көп окшоштуктар бар.

Кыргыз зергерчилиги жана чебер устачылыктын γлгγсγ катары Копен чаатасынан табылган буюмдарды айтсак болот. Алтындан жасалган кумара жумуру жукартылып, ага оюм-чийимдер жана кооз кармагыч жалгаштырылган. Мындагы алтын жана кγмγш табактар, керемет вазалар кылдат зергерчилик чеберчиликте аткарылып, дγйнөлγк цивилизациянын γлгγлөрγнөн деп саналат. Ошондой эле алардын көчγрмөлөрγн алып, кыргыз устачылык мурасын кайра жаратуу аракети жасалса, бир ары-тарыхка таазим болсо, экинчиден зергерлик ишти жандандырып, туризм ишине дем бермек.

XS
SM
MD
LG