Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:49

АКШНЫН ЧАЛГЫН КЫЗМАТТАРЫ РЕФОРМАЛАНАБЫ?


Азиза Турдуева, Прага Өткөн айда АКШнын Борбордук чалгын агенттигинин жетекчиси Жорж Тенет өзүнүн кызматынан баш тарта тургандыгы жөнүндө маалымдаган. Айрым аналитиктер Тенеттин мындай чечимин АКШнын Борбордук чалгын агенттиги Иракка согуш ачылаарда президент Жорж Бушка тастыкталбаган маалыматтарды берген деген маалыматтардын айтыла баштагандыгы менен байланыштырышууда. Сенат өткөн жума күнү АКШнын чалгын кызматтарынын Иракка байланыштуу ишмердүүлүгүн кескин сынга алган баяндамасын жарыялады. Баяндама өлкөнүн чалгын кызматтарынын ишине кандай таасирин көрсөтөт?

Өткөн аптада АКШнын Сенатынын курамында 18 парламентарий бар чалгындоо иштери боюнча Комитети өлкөнүн атайын кызматтарынын, эң ириде Борбордук чалгын агенттигинин Иракка карата согуш ачылаар алдында сапатсыз маалыматтарды тараткандыгын кескин сынга алган баяндамасын жарыялады. Комитеттин төрагасы, “Республика” партиясынын өкүлү, сенатор Пэт Робертс Борбордук чалгын башкармалыгы Саддам Хусейндин курал-жарак программаларына байланыштуу маалыматтарды тийиштүү деңгээлде анализдөөгө кудурети жеткен эмес деп маалымдады. Бул өз кезегинде Ак үйдүн Ирак лидери чындыгында эле АКШга коркунуч туудурат деген жыйынтыкка келишине мажбурлады деген пикирде сенатор. Робертс Борбордук чалгын кызматы өз ордун жоготту деген пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Бул көпчүлүк жагынан агенттиктеги корпорациялык маданияттын бузулушуна жана начар башкарууга байланыштуу болду. Бул маселелер каржылоону жакшыртуу жана кызматкерлердин санын көбөйтүү менен гана чечилбейт.

Ошону менен бирге Робертс америкалык чалгындардын айрым кабары негизсиз экенин эске салды:

- Ирактагы согуштун алдында АКШнын чалгын кызматтары президентке, Конгресске, ошондой эле өлкө коомчулугуна Саддам Хусейнде химиялык жана биологиялык куралдар бар, эгерде ушул бойдон калтырылса, анда жакынкы он жылдын ичинде өлкөдө өзөктүк курал да пайда болот деген маалыматтарды айтышкан. Эми, биз бүгүн мындай жыйынтык негизсиз болгондугуна күбө болуп отурабыз .

Ал эми президент Жорж Буш Сенат Комитетинин баяндамасына байланыштуу мындай актанган пикирин билдирди:

- Албетте, катачылыктар да болду. Биз Иракта массалык кыргын куралы бар деп ойлогонбуз. Мен да, Конгресс да, Бириккен Улуттар Уюму да ушундай ойдо болгонбуз. Сиздерге бир нерсени айткым келет: биз Саддам Хусейн ушундай куралды чыгара алмак экендигин билгенбиз, бул үчүн анын мүмкүнчүлүктөрү да, каражаттары да бар эле. Ал буга камданып жаткан. Биз анын Американы жек көргөнүн билчүбүз .

Ал эми Борбордук чалгын агенттигинин жетекчиси Жорж Тенет агенттикте анын кызматынан чегинүүсүнө чейин эле, бир топ өзгөрүүлөр орун алгандыгы жөнүндө маалымдаган. Азырынча, башкармалыктын жетекчисин алмаштыруу агенттиктин иштөө принциптерин өзгөртүүгө алып келеби, жокпу, - белгисиз.

АКШ армиясынын ардагер генералы, Европада “кансыз согуш” мезгилинде чалгын кызматын өтөгөн Эдвард Аткесон президент Буш эми башкармалыктын жаңы жетекчисин тандоого кылдаттык менен мамиле жасоого тийиш дейт:

- Мунун баары эми Тенеттин ордуна ким дайындалат – ушуга байланыштуу болот. Бирок, Борбордук чалгын агенттиги – профессионалдык уюм, анын кызматкерлери иштөө ыкмаларын өзгөртүүгө убакыт жеткендигин жакшы түшүнүшөт .

Э. Аткесондун пикиринде, президент Буш эми өлкөдөгү чалгын кызматтарын реформалоого аракет кылышы керек:

Чалгын кызматтары өз ишине карата сырткарыдан айтылган пикирге өзгөчө муктаж. Биринчиден, – алардын ишинин так аткарылбагандыгы эмнеде болду экен? Экинчи кадам болсо, бул кызматтар өздөрүнүн түзүлүшүн кайра өзгөртүүгө тийиш. Башкача айтканда, Борбордук чалгын агенттигинин жетекчисинин статусун өкмөттүн мүчөсү катары жогорулатуу керек. Ал бул агенттиктен четкерээк туруп, анын ишмердүүлүгүнө кеңири көз жүгүртүүгө жетишүүсү керек.

Борбордук чалгын агенттигинин жетекчиси президенттин кабинетинин мүчөсү эмес. Мунун өзү эле “башкы маалыматтар” деген түшүнүктү чете кагып турат, - дейт Аткесон. Президенттин кабинетинин айрым мүчөлөрү, мисалга алсак, мамлекеттик катчылары, өздөрүнүн чалгын кызмат бөлүмдөрүнө ээ. Бирок, алар Борбордук чалгын кызматына баш ийбейт. Демек, дейт Аткесон, өлкөдө АКШнын бардык маалыматтары үчүн жооптуу бир адам же бир кеңсе жок.-Ал эми Ирак согушу көрсөткөндөй, мындай жагдайдын кесепеттери өтө олуттуу болуп калышы ыктымал.

Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинин төрага орун басары Жэй Рокфеллер болсо, эгерде сенаторлор чалгын кызматтарынын негизсиз маалыматтары жөнүндө кабардар болгондо, согуш үчүн өз добуштарын бермек эмес деп билдирди:

Администрация бардык деңгээлде такталбаган маалыматты колдонгондугу жана Конгресске да ушундай маалыматты бергендиги – факт болуп калды. Эгерде буга чейин мындай маалыматтар жөнүндө кабардар болгонубузда, биз Конгрессте сенаторлордун 75 добушу менен Иракка согуш ачууга уруксат бермек эмеспиз

Бирок, баяндамада президент Жорж Буштун администрациясына карата түз сын айтылган эмес. Анткени, комитет президенттин кабинетинин өлкөнүн Борбордук чалгын агенттигине согушту баштоого негиз берген жыйынтыктарды чыгарууга кысым көрсөткөндүгү боюнча далилдерди таба алган жок. Ал эми Сенаттын баяндамасынын экинчи бөлүгүндө дал ушул маселе иликтенмекчи жана анын жыйынтыктары АКШдагы президенттик шайлоодон кийин жарыяланат деп күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG