Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:13

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ ТЕМИР УСТАЧЫЛЫК


Темир өндүрүшү оң жолго коюлган өлкөнүн экономикасы өнүгүп, согуштук кубаты өскөн. Орто кылымдагы кыргыздар темир иштетишип, чарбага керектүү шаймандардан баштап, жоо куралына чейинки жарактарды жасашкан.

Адамзат тарыхында коомдук өнүгүүнүн бурулуш окуялары көп болгон. Башында адамдар таштан курал жасашып, эптеп күн көрсө, кийин темир иштетилип, чарбада жана жашоодо кыйла өсүштөр жетишилген. Орто кылымдагы кыргыз усталары, эмгек шаймандары жана жашоого керектүү зергер буюмдары болуп Кыргыз каганатынын жогорку экономикалык абалын далилдей алат.

Кыргыз өлкөсүндө алтын, күмүш, жез, коло, темир жана метеорит болоту иштетилгендиги илимде эбак далилденген. Кыргыздардын жогорку сапаттагы темир иштетишкендигин чыгыш жазма булактарынан тарта алар өздөрү жазган руникалык эстеликтерде эскерилет.

Азыркы Хакасия Республикасында орто кылымдагы кыргыз усталары узанган жерлерди «хыргыс узанган чир» деп аташат. Кыргыздар темирди тоолордон казып алыш үчүн таш төшөп, жол салышып, дөңгөлөктүү арабаларды пайдаланышкан. Хакастар бу жолдорду «хыргыс чолы» же "кыргыздын жолу" деп аташат.

Анда эмесе кыргыздардын темир устачылыгы боюнча археолог Кубатбек Табалдиевдин пикирин тыңдап көрсөк:

- Кыргыздардын куралдары көп. Биринчиден, аскердик куралдар, тиричиликте колдонгон куралдар бар. Түздөн-түз орто кылымдагы кыргыздар менен азыркы кечээ-жакында колдонулуп келген кыргыздын улуттук куралдары. Тиричиликте же аскер ишинде колдонулган куралдары шаймандарды ортосунда көп окшоштуктарды табууга болот. Ат жабдыктардын орто кылымдагы формалары менен кийинки 19-кылымдын акырында 20-кылымдын башына чейинки колдонулуп келген ат жабдыктарынын ортосунда көп окшоштуктар бар.

Кыргыз зергерчилиги жана чебер устачылыктын үлгүсү катары Копенден табылган буюмдарды айтсак болот. Алтындан жасалган кумара жумуру жукартылып, ага оюм-чийимдер жана кооз кармагыч жалгаштырылган. Мындагы алтын жана күмүш табактар, керемет вазалар кылдат зергерчилик чеберчиликте аткарылып, дүйнөлүк цивилизациянын үлгүлөрүнөн деп саналат. Ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн алып, кыргыз устачылык мурасын кайра жаратуу аракети жасалса, бир ары-тарыхка таазим болсо, экинчиден, зергерлик ишти жандандырып, туризм ишине дем бермек.
XS
SM
MD
LG