Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

КОШ БАЗАНЫН КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН КОРКУНУЧУ ЖОК


Ушул аптанын башында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда 28-29-июнда Стамбул шаарында өткөн Түндүк Атлантика аскердик альянсынын чоң жыйынында Кыргызстандын президенти Орусия-НАТО өнөктөштүгүнүн негизинде Орусия-Америка биргелешкен базасын түзүү демилгеси төгүндөлгөн. Министрликтин ырасташынча, президент А.Акаев андай демилгени көтөрүп чыккан эмес.

Кыргызстандын башкалаасынын түндүк-чыгыш ныптасын ээлеген эки аскерий база тууралуу аркыл пикирлер айтылып келатат. Антсе да, бул ириде дүйнөлүк эки лөк өлкөнүн - Америка Кошмо Штаттары менен Орусиянын геосаясий кызыкчылыктары ашташкан жери экени, маселенин тамыры кыйла тереңден башталары эч кимге талаш деле туудурбайт.

Айрым өкмөттүк басылмалардын ырасташынча, Сатамбулдагы НАТО саммитинде Кыргызстандын президенти Ооганстанга көмөк көрсөтүү, жакырчылыкты азайтуу, байланыштын алдыңкы технологиясын жайылтуу маселелерин козгогон.

Кандай болгон күндө да Кыргызстанда АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын, андан анчалык алыс эмес жерде - Кантта орус аскерий базасы жайгаштыркан. Эл партиясынын жетекчиси Мелис Эшимкановдун ырасташынча, Кыргызстан өз аймагында эки өлкөнүн аскер күчтөрү жайгашкандан зыян тартпайт:

- Бир жарым жыл мурда Америка Кошмо Штаттарына расмий барганда АКШ президенти Ж.Буштун кыргыз президенти А.Акаев экөөнүн аңгеме-дүкөнүнөн улам бир нерсени түшүнгөм. Кыргыз президенти биз жөнөкөй, чакан өлкө болгонубузга байланыштуу эки эмчек эмген музоодойбуз. Улуу Америка, Орусия, Кытай сыяктуу державалардын ортосунда модератор – көпүрө болгондон башка аргабыз жок, деген сөздөрү менен Ж.Бушка жооп берген. А.Акаевдин биздин өлкөбүздүн аймагына «Ганси» базасын, Кантта орус аскерлерин жайгаштырууга уруксат бериши «эки дөө кагышса, ортосунда бейажал чымын болуп» өлбөйлү деген тилек менен, аман чыгуунун амалын жасап жаткандай таасир калтырат, - дейт Мелис Эшимканов.

Ушундай эле пикирди саясат таануу илим доктору, профессор Аалыбек Акунов да айтты:

- Кыргызстандын аймагында эки аскердик базанын жайгашышы өлкө кызыкчылыгына жооп береби же бербейби деген суроого мен бүгүнкү геосаясий кырдаалды эске алып, дегеле ушул Борбордук Азиядагы жагдайды көңүлгө тутуп, Кыргызстан КМШ, башка өлкөлөр менен мамилелеринин алкагында ушу эки аскерий базанын болушу биздин кызыкчылыктарга толук жооп берет деп айтар элем.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев Орусия менен НАТОнун чыныгы өнөктөштүгү келечекте болчу иш деп эсептейт. Ошондон улам Кыргызстан тышкы саясатын өтө этият жүргүзүшү зарыл. Антпесе, «эки дөө тирешип кетсе» ортодо оңтойсуз абалда калары турулуу иш дейт М.Иманалиев:

- Бул жерде да коркунучтар көп болуп атат. Эки мамлекеттин Кыргызстандагы мамилеси бузулса, андан биз гана зыян тартабыз. Менин оюмча, жалпы Орто Азия бириксе жакшы болор эле. Бул бир мамлекетке биригүү эмес, союз болуп биригүүнү эске алып жатам. АСЕАН сыяктуу же Евросоюз болуп бириксе бизге жеңилирээк болор эле. Бирок андай болбой атпайбы. Биригебиз деген умтулуу жоголду. Андай сезим Кыргызстанда, Өзбекстанда да, Казакстанда да жок. Он жыл мурун кичине бирдеме жасап, кыймылдап жатышты эле, эми аны таптакыр таштап коюшту.

Кийинки эки жылда Орусия Борбор Азиядагы таасирин күчөтүш үчүн активдүү аракетке өттү. Баштагы тарыхый-экономикалык, маданий карым-катыш, байланыштарын эсине алып, эгемендиктин алгачкы жылдарында кыйла сууй түшкөн мамилени жандантууга киришти. Бу чөлкөмдөгү өлкөлөрдө жеке бийлик күчөп, демократиянын кадыры кетип атканын деле Орусия көрмөмүшкө салып, баарына кайыл болууда. Борбор Азиянын азыркы башкаруучулары үчүн Кошмо Штаттардын каржылык колдоосу маанилүү.

XS
SM
MD
LG