Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Таласта өкмөттүк гезиттерге мажбурлап жазууга каршы демилгелүү топ түзүлдү


ТАЛАС. Мындай демилгелүү топтор Талас шаарында, Бакайата жана Талас райондорунда сурамжылоо жүргүзүп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсү менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин өкмөттүк жана айрым Россия газеталарына мажбурлап жаздырууга элдин ой-пикирлерин иликтешет. Калк арасында мындай сурамжылоо жүргүзүүдө маалымат борборуна көптөгөн жарандардын кайрылуулары себеп болгон. Жардам сурап келишкендер газеталарга алардын каалоолорун сурабай эле жаздырып, айлык маяналарынан кармап калуу фактылары орунсуз күчөп бараткандыгына нааразычылык билдиришкен. Жергиликтүү администрациялардын мындай ыкмаларга баруусуна Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаевдин 2004-жылдын 25-майында облус губернаторлоруна жиберген каты негиз берген. Ал катта өкмөт башчысы өкмөттүк газеталарга жазылуу ишин көзөмөлгө алып, шашылыш чараларды көрүүлөрүн өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG