Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Нарындын аялдары күзүндөгү шайлоого даярдана башташты


НАРЫН. 13-июлда облустун аймагынан келишкен 30 кыз-келин Швециянын "Седа" уюму, ПРООН жана кыргыз өкмөтү биргелешип уюштурган "Саясаттагы гендердик теңчиликти өнүктүрүү" аттуу үч күндүк семинарга катышып жатышат. Семинардын максаты өкмөттүк эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында, жаңыртылган шайлоо кодексин тааныштыруу, депутаттыкка талапкерликти коюу, өзүн элге тааныштыруу, шайлоолордо байкоо жүргүзүүнү окутуп, үйрөтүү жана эң башкысы баштапкы деңгээлдеги саясий процесске кыз-келиндерди катыштыруу.

Токтайым Үмөталиеванын айтымында, семинарга катышып жатышкан 30 кыз-келиндин жыйырмасы айылдык, райондук кеңештерге талакерлигин коюуга даярданып жатышат. "Бирок талапкерликке көрсөтүлүүдө каражат маселеси гана кыз-келиндерди ойлондурууда", дейт Токтайым Үмөталиева.

XS
SM
MD
LG