Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Кыргыз тилиндеги окуу китептеринен кошумча нарк салыгы алынбайт


БИШКЕК. Кыргыз тилинде чыгарылган окуу китептери, балдардын илимий-көркөм адабияттары, журналдардан мындан ары кошумча нарк салыгы алынбайт. Ага негиз берген «Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга президент кол койду. Бул тууралуу бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каниметов билдирди. Анын айтымында, маселен баасы 65 сомдук 250 миң нускадагы китеп чыгарылса, анын баасы 16 миллион сомдон ашат. Эгер андан кошумча нарк салыгы алынбаса, 3 миллион сомдук каражатты үнөмдөп, ага 52 миң нускадагы китепти чыгарууга болот. Ал эми улуттук тил боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Азимжан Ибраимовдун айтымында, эмдиги жылы кыргыз тилинде чыкчу китептердин көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү максаты алдыда турат.

Билим берүү министринин орун басары Анатолий Иванников болсо Кыргызстанда 700 миң окуучу кыргыз тилинде, 250 миңи орус тилинде жана 300 миң окуучу өзбек тилинде билим алышаарын жана алардын баары кыргыз тилин үйрөтүүчү окуу китептерине муктаждыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG