Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Спикер президенттин кеңешчиси менен пикир алышты


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев президент Аскар Акаевдин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Жон Одлинг Смит менен жолугушту. Анда эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоого даярдык жана өлкөнүн экономикалык абалы талкууга алынды. Президенттин кеңешчиси Жон Одлинг Смит Кыргызстан айыл чарба продукциясынан кошумча нарк салыгын алуу системасын киргизүү аракетин көрүп, эл аралык тажрыйбаны калыптандырууга кадам таштагандыгын билдирди. Ал эми Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Крис Лавлейс кечээ журналисттер менен жолугушуу маалында айыл чарба продукциясынан салык алуу боюнча Эл аралык валюта кору менен бир катар эл аралык каржы уюмдарынын ортосунда карама-каршылык бар экендигин моюнга алып, акыркы чечимди өкмөт өзү алыш керек деп билдирген.
Крис Лавлейс өкмөт кабыл алган чечим, бирок айныгыс далилдер менен фактылардын негизинде кабылданышы зарыл экендигин да кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG