Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Германиянын уран куюлган идиштери Карабалтада кайра иштетилет


БИШКЕК. Карабалта тоо-кен комбинатында Германиянын «Рве Ньюкем ГМИХ» деген ишканасынан ташылып келген материал кайра иштетилип, андан уран жана графит алына баштайт. Ага кечээ Карабалта тоо кен комбинатында өткөн жыйында эксперттик комиссия макулдугун берди. Мындай маалымат бүгүн Эл өкүлдөр палатасынын жыйынга төрагалык кылган депутаты Валерий Дилден алынды.

Анын маалыматына караганда, Карабалта тоо-кен комбинаты менен Германиянын ишканасынын ортосунда макулдашуу мындан эки жыл мурун түзүлгөн. Анын негизинде таза уран калдыктары куюлган идиштер Германиядан ташылып келип, кайра иштетилет. Андан алынган уран жана идиштен алынган графит дүйнөлүк баада сатылып, андан түшкөн пайданын 30 проценти Кыргызстанда калат.

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча бир жылда Кыргызстан андан 700 миң доллар пайда алат деп болжолдонууда. Валерий Дилдин айтымында, макулдушуунун экономикалык жана экологиялык пайда, зыянын иликтеген эксперттик комиссия контракт Кыргызстан үчүн пайдалуу деген чечимге келген.

Ал эми эксперттик комиссиянын мүчөсү, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева макулдашуу экологиялык жактан зыяндуу деген бүтүмгө келип, комиссиянын жыйынтыктоочу тилкатына кол койбой тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG