Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Кыргызстанда баардык улуттар өзүн жакшы сезишет


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчысы Аскар Акаев “Билим - көп улуттуу коомдо интеграциянын куралы” деген отчёттун даярдоо тобунун мүчөлөрү менен жолугушту. Анда президент мамлекет алгач эгемендүүлүк алгандан бери ар улуттуу этникалык жана маданий байланыштарга туура саясат жүргүзүп келатканын билдирди.
Ал саясатты турмушка ашыруунун далили катары Кыргызстандагы Орус-кыргыз (славян) университетин, кыргыз-өзбек университетин жана кыргыз-түрк “Манас” университетин жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясын атады.

20-июлда “Билим - көп улуттуу коомдо интеграциянын куралы” аттуу отчёт ЕККУнун башкы комиссары Ральф Экеустун катышуусунда коомчулукка тааныштырылат.

XS
SM
MD
LG