Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:24

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссия ишин аяктады


БИШКЕК. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык комиссиянын кечээ башталган төртүнчү отуруму аяктады. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматынан алынды. Комиссия ишин кечээ күнү түн ичинде аяктап, протоколго кол коюлган. Күн тартибиндеги 15 маселе тең каралып, анын ичиндеги суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча Казакстан мурда макулдашылгандай апрель жана сентябрь айларынын аралыгында Кыргызстандан 1 миллиард 100 киловатт саат электр энергиясын ала турган болду. Ал эми дагы бир олуттуу маселе – эмгек мигранттарынын ишин жөнгө салуу жана укугун коргоо боюнча комиссия 3 айдын ичинде макулдашуу кабыл алуу зарыл деген бүтүмгө келип, аны эмгек миграциясы боюнча эл аралык нормалардын негизинде даярдоо керек деген милдетти алдыга койду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG