Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Чеченстанда куралдуу кагылышуулар болду


Бүгүн Чеченстандын мамлекет башчысынын кызматын аткарып жаткан Сергей Абрамовду коштоп бараткан автомашина жардырылды. Грозныйда болгон жардыруудан кеминде бир киши набыт болду. Абрамов болсо жабыркаган жок, деп маалымдайт Интерфакс агенттиги.

Түн ичиндеги кагылыштан болсо жумурияттын коопсуздук кызматынын 18 мүчөсү жана 24 согушкер окко учту. Коопсуздук кызматынын жетекчиси Рамазан Кадыров Интерфакска билдиргендей, Грозныйдан 30 километр алыстыкта жайгашкан Автури кыштагында болгон уруш кечээ кечинде башталып, бүгүн эртең менен токтоду.

XS
SM
MD
LG