Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:59

Барымтада жаткандар тирүү делүүдө


Бүгүн София өкмөтү Иракта барымтада жаткан болгариялык эки киши тирүү экенин бышыктады. Өлкөнүн тышкы иштер министри Соломон Пасси айдоочулар тирүү, бирок кырадаал өтө олуттуу, кризис позитивдүү аяктайт деп эч ким кепил боло албайт деди.

Болгариялыктар өткөн бейшембиде согушкер топ тарабынан кармалган. Алардын бошотулушу үчүн топ АКШ Иракта туткундалган козголоңчуларды коё берсин деген талап коюп, 24 саат берген.
Анын аралыгында Филиппиндин тышкы иштер министри Делия Алберт өкмөт Ирактагы аскрелерди мөөнөтүнөн мурда чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди.

Министрдин орун басары бүгүн жасаган билдирүүдө 51 кишиден турган филиппиндик контингент Ирактан мүмкүн болушунча эртерээк чыгарылат деп айтылат.
Бирок Алберт айым аскерлер барымтачылардын талабына ылайык, 20-июлга чейин алынып кетеби же жокпу тактаган жок.

Өзүн “Ирактын ислам армиясы” деп атаган топ Манила өкмөтү аскерлерин чыгарып кетпесе, филиппиндик айдоочунунун көзүн тазалайбыз деген шарт койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG