Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Брюсселде Ирак-НАТО сүйлөшүүлөрү өтүп жатат


Ирактын убактылуу тышкы иштер министри Хошияр Зебари бүгүн НАТО мүчөлөрүнө кайрылып, Стамбул саммитинде кабыл алынган чечимдерди тезирээк ишке ашырууга үндөдү. НАТО Ирак армиясын машыктырууда жана аны жабдыктар менен камсыз кылууда жардамын сунуш эткен.

Альянстын элчилери менен жолугушуудан кийин Зебари:

- Стамбулда убада кылынган жардам бизге мүмкүн болушунча ылдамыраак керек. Биз чукул жардамга муктажбыз.

НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер альянс Иракка берген сөзүнөн тайбайт деп ишендирди. Ошол эле мезгилде Ирактын күчтөрүн өлкөнүн ичинде машыктырыш керекби деген маселе талкууланып бүтө элек, - деди Схеффер. НАТОнун айрым мүчөлөрү, мисалы, Франция Ирактын сыртындагы машыктыруу иштерине эле катыша алабыз деген турумун кайталап келатат.

Схеффер Стамбул чечимдери август айына чейин ишке ашат деп ынанаарын белгиледи.
Буга чейин НАТОнун Ирактагы ролу польшалык аскерлерге логистикалык жардам берүү менен гана чектелип келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG