Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

Евробиримдик кыргыз бийлигин сындады


Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Голландиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы ырастагандай, уюм Кыргызстандагы шайлоого даярдык көрүү иштериндеги кемчиликтерге байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Мындай комментарий биримдиктин өкүлдөрү менен Кыргызстандын вице-премьер-министри Уларбек Матеев жетектеген делегация ортосунда өткөн жолугушуудан кийин жасалды.

Евробиримдикти кандидаттарды каттоонун жүрүшү жана бийликтин маалымат каражаттарына карата мамилеси өзгөчө камтама кылууда.

Тараптар биргелешип кабыл алган документте 2005-жылы февралда өтө турган параламенттик шайлоо калыс жана эл аралык стандарттарга ылайык болот деген үмүт билдирилет.

Евробиримдиктин делегациясы Кыргызстанды терроризмге каршы күрөштөгү кемчиликтер үчүн да сынга алды. Атап айтканда, арам акчаны адалдоого каршы жетиштүү чара көрүлбөй жаткандыгы сындалат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG