Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

СЕНАТ ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫНА СЕС КӨРСӨТТҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары АКШнын Сeнаты "өлкөнүн чалгындоо кызматы Саддам Хусейиндин курал арсеналы, биологиялык жана химиялык куралдары жөнүндөгү маалыматтарга аша баа берген" деген тыянакка келди. Ушундан улам серепчилердин арасында АКШнын Ирак согушуна жумшаган ресурстарын Ал-Каидага каршы күрөшкө сарптоо туура болбос беле, деген суроо жаралды.

Дүйшөмбү күнү өлкөнүн атомдук энергия тармагынын кызматкерлери менен болгон жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Жорж Буш ЦРУнун азыркы жагдайы жөнүндө буларды билдирди:

- Чалгындоо кызматыбыз көбүрөөк агентке, тактап айтканда, чалгындоо ишине көбүрөөк адамдын тартылышына муктаж. Биз ыктымал жарала турган коркунуч жөнүндө эртерээк кабардар болуш үчүн маалыматы мындан да так иштеп чыгуу технологияга муктажбыз, чалгындоо иштерин өз ара шайкеш келтирүүбүз зарыл. Америкалыктарды коргоо үчүн Конгресс да, мен да чалгындоонун эң жакшы дэңгээлге чыгарылышына кызыкдарбыз.

Сөзүнүн андан аркы бөлүгүндө Буш Америка элин коргоо үчүн Саддамды бийликтен четтетүү зарыл болгондугун дагы бир жолу кайталады.
Херитэж корунун эл аралык маселелер боюнча аналитиги Жэк Спенсер Буштун бул пикирине толук макул. Анын айтымында, Саддам баш болгон режимдин тарыхы, диктатор конвенциялык эмес куралдарды акыры жасап чыгарып, Америкага чабуул койгонго террористтерге эртедир-кечтир жардамдашмак:

- Эл аралык терроризмдин тарыхын, Саддамдын кыруучу куралдарды өз элине жана башка өлкөлөргө каршы кодонгонун, анын АКШга жана анын шериктерине душмандык мамиледе болгонун эске алып, Саддам АКШга эртедир-кечтир кыруучу курал менен чабуул коймок эмес, дей албайм.

Спенсер дагы Буш сыяктуу эле Ирактагы согушка жумшалган каражаттар менен мээнеттин акыбети кайтаарына ишенет.

Бирок анын бул пикирин бөлүшпөгөн башка бир АКШлык аналитик, Като институтунун кызматкери Жонаттан Кларк эл аралык терроризмге каршы согуштан бүткүл көңүлүн Иракка буруу менен Буштун администарциясы Осама Бин Ладенди колго түшүрүү ишинен алагды болгонун айтат:

-Менимче Иракка кеткен каражат менен мээнет Осама бин-Ладенди колго түшүрүүгө салым кошкон жок, тескерисинче, бин-Ладенди кармоо максатын обочодо калтырган. 11-сентябрдагы чабуулду башка бир жоон топ киши жасаган жана азыр алардын көбү кармала элек,- дейт Кларк.

Аналитикттин көз карашында, Ирак согушуна чалгындоо кызматынын маалыматтары түрткү болгон эмес, тескерисинче, согуш чалгынчылардын маалыматынан оозунуп башталды:

- ЦРУ бир күнү келип эле президенттин стөлүнө кагаз таштап, аны окуган президент "эми Иракка чабуул койгонго туура келет", деген чечимге келген жок. Менин көз карашымда, окуянын өнүгүшү тескерисинче, болду. Иракка чабуул жасоо жөнүндөгү саясий чечим, андай кагаз келип түшкөндөн мурда эле кабыл алынган,- дейт серепчи.

Сенаттын иликтөөлөрүнүн экинчи бөлүнгүндө Ирак согушун АКШнын коомчулугу алдында мыйзамдык жактан негиздөө үчүн Буштун администрациясы ЦРУга кысмак жасаганбы, жокбу - ушул маселе сыдыргыга салынып, териштирилет. Бирок Сенаттын иликтөөсүнүн жыйынтыгы 2-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин жарыяланышы күтүлбөйт.

XS
SM
MD
LG